19 июня 2015, 09:39

Депутат Ф.Кулов парламенттик шайлоо босогосун 9 пайызга чейин жогорулатуу демилгесин көтөрдү

Жогорку Кеӊеште парламенттик шайлоо жүрүмүн жөнгө салууга багытталган “КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечи Феликс Куловдун айтымында, мыйзам долбоору теӊдештик системасында шайланган парламенттин туруктуулугун сактоо, өлкөдө парламенттик салттарын калыптандыруу максатында иштелип чыккан. Ал үчүн шайлоого катышкан партиялар парламентке келүү үчүн жалпы добуштардын 9 пайыздык
босогосунан өтүшү жана ар аймактан 0,5 пайыздан кем эмес добуш топтошу керек. Азыркы мыйзамга ылайык, шайлоо босогосу 7 пайызды, аймактык босого 0,7 пайызды түзөт.

«Парламенттик шайлоодогу 9 пайыздык босого болжол менен 123 миӊ добушту түзөт. Биз муну эсептеп чыктык. Шайлоого катышкан партия 65тен ашык мандатка ээ боло албайт, калган мандат шайлоодон өткөн партиялар бөлүп алат. Бул босого кыргыз парламенти үчүн кыйла оптималдуу болуп саналат. Саясий партиялар да бара-бара бири-бирине кошулуу аркылуу ирилеше баштайт», - дейт Ф.Кулов.

Баяндамачы мыйзам долбоору көпчүлүк коалициясынын, демек, өкмөт курамынын да туруктуулугун арттырууга багытталганын, андан сырткары чечимдерди кабыл алуу да кыйла ыӊгайлуу болорун кошумчалады. Алынган добуштардын саны шайлоочулардын тизмеси менен эмес, шайлоого катышкан жарандардын саны аркылуу аныкталат. Муну парламенттик башкаруу шартындагы тажырыйба тастыктады.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар тарабынан шайлоо босогосун мурдагыдай эле деӊгээлинде калтыруу, ошондой эле босогону дагы көтөрүү тууралуу кайчы пикирлер айтылды. Андан сырткары, мыйзам долбоору парламент курамынын сапатын жакшырта турганы, аргандай тобокелчиликтердин алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөрү да белгиленди. Мыйзам долбооруна каршы чыккан депутаттар да жок эмес.

Жыйынтыгында депутаттар “КР Президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоорунун тагдырын добуш берүү аркылуу чечүү пикирине келишти.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020