19 июня 2015, 10:33

Өкмөттүн каржы бөлүмүнүн башчысы кызматтан бошотулушу мүмкүн

Премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн аппаратынын каржы жана насыя бөлүмүнүн башчысы Шамшибек Молдокановду кызматтан алуу маселесин кароодо. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда "ВБ" маалымат булагы өзүнүн министрлер кабинетиндеги жеке булактары таянып жазат. Маалыматта жазылгандай, Молдокановду кызматтан алуу чечими өткөн жумада эле кабыл алынган. Бирок тиешелүү документке азырынча кол коюла элек.

Молдокановду кызматтан алууга эмне себеп болгон? Бул тууралуу азырынча маалымат жок.

Молдокановдун ордуна Каржы министринин мурдагы статс-катчысы Азиз Алиевдин талапкерлиги каралууда.

Эскерте кетсек, Молдоканов аталган бөлүмдү 2012-жылдан бери жетектеп келген.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020