19 июня 2015, 11:18

Депутаттар Алай, Чоң-Алай райондорунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун талкуулашты

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында “Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Кыргызстан-Кытай” газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутат Марат Султанов.

Макулдашуунун шарттары боюнча долбоорлоо компаниясы бардык калган салыктардын, чегерүүлөрдүн, жыйымдардын Макулдашууда көрсөтүлгөн жыйымдардан жана төлөмдөрдөн тышкары) жана башка ар кандай милдеттүү төлөмдөрдүн ордуна атайын салык төлөп туруп, ал Долбоорлоо компаниясынын филиалы же туунду юридикалык жагы тарабынан которулуп турат. Макулдашууда ал каражаттар бюджеттик кайсы деңгээлине түшөөрү такталган эмес.

Бул мыйзам долбоору аркылуу ратификациялык мыйзамды 2-1-берене менен толуктоо аркылуу төмөнкүлөрдү белгилөө сунуш кылынат. Макулдашуунун ажыратып алгыс бөлүгү болуп саналган, 1-тиркемеде көрсөтүлгөн мөөнөттө жана көрсөтүлгөн өлчөмдө төлөнүүчү, аталган Макулдашууда каралган атайын салык ар жылдык республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлүшү сунуш кылынган:

- 80 пайызы – республикалык бюджетке;

- 10 пайызы – Ош областынын жана Ош шаарынын өнүктүрүү фонддоруна;

- 10 пайызы – Тиешелүү райондун аймагы боюнча газ өткөргүчтүн узундугуна пропорциялуу өлчөмдө Ош областынын Алай жана Чоң-Алай райондорунда атайын түзүлүүчү өнүктүрүү фонддоруна.

Талкууда депутат Кенжебек Бокоевдин суроосунан кийин бул маселе тармактык комитетте каралганда эл аралык келишимге толуктоо киргизүү эмес, атайын салыкты бөлүштүрүүгө багытталган жаңы мыйзам долбоору менен киргизүүгө демилгечи макул болгондугу белгилүү болду. Эл аралык иштер боюнча комитетинин чечими менен аталган мыйзам долбоору маңызы өзгөрбөй, аталышы гана “2013-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Бишкек шаарында 2013-жылдын 11-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууда каралган атайын салыкты бөлүштүрүү жөнүндө мыйзам долбоору деп өзгөрүүдө. Депутат Чыныбай Турсунбековдун мындай принципти жалпы Кыргызстан үчүн иштетүү зарыл деген пикирин демилгечи да колдоого алды. Эгемендүүлүк чек арадан башталарын эске салган депутат Каныбек Иманалиев чек арага канатташ аймактарды өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдоого чакырды.

Каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев мыйзамдын формасы өзгөргөндөн кийин концепциясын колдоорун, бирок республикалык бюджетке 90 пайыз чегерүү керектигин, ал эми Ош шаарына 10 пайыздык чегерүүнү алып салуу керектигин айтты.

Бир катар депутаттар бул өңүттөгү ратификациялык мыйзам долбоорлорунда жогорудагыдай принципти камтуу жаатындагы сунуштарды беришти.

Соңунда комитеттин чечиминдеги мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020