19 июня 2015, 12:57

ЖКда КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын республикалык бюджетине түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча демилгеси талкууланууда

Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстан ЕАЭБ курамына кирип жатканын, парламенттик шайлоо өтөрүн эске салып, ушу сындуу дагы башка бир катар себептерге байланыштуу республикалык бюджетке түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы пайда болгонун баса белгиледи. «Өзгөртүүлөр социалдык-экономикалык  өнүгүүнүн учурдагы кырдаалы менен шартталган. Алсак, 2014-жылы ИДПнын өсүш арымы басаңдады. Ошентип, экономиканын өсүшү мурда бекитилген 6,2 пайыздын ордуна 2,0 пайыз деңгээлинде күтүлүп жатат”, - дейт ал. Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев чет өлкөлүк валюталарга карата улуттук валютанын алмашуу кунунун туруксуздугуна, дүйнөлүк азык-түлүк бааларынын өсүшүнө байланыштуу калктын инфляциялык күтүшү, импорттук товарлардын кымбатташы, тариф саясатынын өзгөрүшү мурда бекитилген 8,7 пайыз инфляция ордуна 11,3 пайыз деңгээлинде күтүлүп жатканын билдирди. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 7493,3 млн. сомго көбөйтүү сунуш кылынууда. "Демек, жалпы киреше 111 246 млн. сом өлчөмүндө болот”, - дейт ал.

2015-жылга республикалык бюджеттин чыгашалары 136573,1 млн. сомду түзө турганы белгилүү болду. Ал эми республикалык бюджеттин тартыштыгы 25327,1 млн. сом, ИДП карата 5,8 пайызды түзөт же бекитилген көрсөткүчтөн 10440,7 млн. сомго көп. Бюджеттин тартыштыгын жабууга 2015-жылы 25327,1 млн. сом өлчөмүндөгү каржылоо булактары каралган.

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын республикалык бюджетине түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча демилгесин талкуулоо улантылууда.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020