19 июня 2015, 17:43

Ы.Кадыралиева: «29-июнда киши сатууга каршы күрөшүү жана анын алдын алууга арналган парламенттик угуу өтөт»

«2002-жылдан 2014-жылга чейинки аралыкта киши сатууга байланышкан 237 кылмыш иши козголуп, сотко жеткен болсо, 2014-жылы эле ушул багыттагы 18 кылмыш иши ачылган. Алар сотко жеткен менен анын жыйынтыгы майнаптуу болбой жаткандыктан, бул теманы ЖогоркуКеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде карап, атайын мекемелер аралык комиссия түзүп иш алып бардык. Аны жетектөө менен бир топ фактыларга күбө болдум. Эми андагы жыйналган маалыматтарды кеңири талкуулоо максатында ушул жылдын 29-июнунда киши сатууга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу чараларын талдаган парламенттик угуу өткөрүү чечимине келдик»,- дейт депутат Ы.Кадыралиева бүгүн, 19-июнда «Парламент» радиосунун түз эфиринде.

Ошондой эле депутаттын айтымында, киши сатууга каршы иш жүргүзүп, аны алдын алууда кадрлардын тартыштыгы да негизги көйгөй. «Мисалы, ИИМдин курамында бул багытта иш жүргүзүүгө жооптуу болгон 2 гана адис болсо, Билим берүү жана илим министрлигинде 1 гана адистин ишке милдеттүүлүгү аныкталгандыгын катип түшүнсөк болот?»,- дейт Ы.Кадыралиева.

Киши сатууга каршы күрөш «жапа тырмак» колго алынбай жаткандыгын ушундан билсек болот,- деген Ы.Кадыралиева,- «Айрым министрликтерде ушул адам сатууга каршы иш алып бара турган адистердин жоктугу – бир маселе болсо, ал эми кулчулукка кабылгандарды реаблитациялоого мамлекеттин эсебинен атайын каражат бөлүнүш керек делген менен, ал боюнча ушул 20 жылдан ашкан убакыттан бери бир дагы министрлик  каржы министрлигине кайрылып,  бир тыйын да сураган эмес »,- дейт.

«Кыргызстандын чегинен сыртка чыгып кеткен жарандарыбыздын бир тобу ошол барган мамлекетинде кулчулукка кабылып жаткандыгы өтө өкүнүчтүү. Аларды бул жерден чыгарып кеткен тарапты тапкан менен, аларды жазалоо чаралары мыйзамда так көрсөтүлбөгөндүктөн, татаалдыктар   болуп жатат. Негизи, аларга карата кылмыш иши Кылмыш кодексинин 124-беренеси боюнча киши сатууга катыштыгы бар деп козголуш керек болчу. Бирок, ошол алдамчылык жол менен адамдарды торго түшүрүп жаткан тараптардын 7-8и эле быйылкы жылда табылган менен, алар 50 миң сомдук айып төлөө менен кутулуп, чыгып кетип жатышат. Интернет аркылуу жүргүзүлүп жаткан үгүттөө иштерин токтотуу да кыйынга турууда. Былтыркы мисалдарга кайрылсак, Россияда кулчулуктун курмандыгына кабылган 34 баланы жергебизге алып келдик. Ал эми Казакстандан бир жума мурда эле дагы ушундай эле 17 мекендешибиздибоштондукка чыгардык. Бирок, аларды алдап алып барган тараптар жоопко тартылган жок» ,- дейт ошол эле уктурууга катышкан ИИМ Кылмыш-иликтөө башкы башкармалыгынын өкүлү Саламат Адылов.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020