20 июня 2015, 09:18

Президент А.Атамбаев Петербургдагы XIX эл аралык экономикалык форумга катышып жатат (СҮРӨТ)

Кечээ, 2015-жылдын 19-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында Петербургдагы XIX эл аралык экономикалык форумдун  пленардык жыйынына катышып жатат.

Форумда  Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин чыгып сүйлөдү. Өз сөзүндө ал Россияга кызыгуу жана ишеним көрсөткөндүгү үчүн форумдун катышуучуларына ыраазычылык билдирип, Петербургдагы эл аралык экономикалык форум ачык жана ишенимдүү диалог үчүн аянтча экендигин белгилеп өттү.

“Биз өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар болгондордун бардыгы менен тең укуктуу жана өз ара урматтоо шарттарында кызматташууга умтулабыз”, - деп белгиледи Президент Владимир Путин.

Петербургдагы XIX эл аралык экономикалык форумдун ишине мамлекет, өкмөт башчылары, ири компаниялардын, эл аралык уюмдардын жетекчилери, ошондой эле белгилүү экономисттер жана окумуштуулар катышууда.

Маалымат үчүн: Петербургдагы экономикалык форум – Россиянын, өнүгүп жаткан рыноктордун жана жалпысынан дүйнөнүн алдында турган түйүндүү  экономикалык маселелерди аныктап, талкуулоо максатында жаңы экономикалык державалардын лидерлери жолугушчу аянтча.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020