20 июня 2015, 09:47

ЖК 2015-жылдын бюджетине сунушталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду үч окууда жактырды

Кечээ, КРнын Жогорку Кеңеши “Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду үч окууда жактырды.  

Долбоордо 2015-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн параметрлерине оңдоолордун киргизилиши боюнча республикалык бюджеттин жалпы кирешесин, мамлекеттик инвестициялар программасынын (МИП) гранттарын эсепке алганда, 7 млрд. 493,3 млн. сомго көбөйтүү сунушталган, ошондо жалпы киреше 111 млрд. 246 млн. сомду түзмөкчү.

Мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси, МИП гранттарын эсепке алганда, 146 млрд. 351 млн. сомду түзүп, бекитилген бюджетке салыштырмалуу 8 млрд. 176 млн. сомго көбөймөкчү.    

2015-жылга республикалык бюджеттин такталган чыгашасы 136 млрд. 573,1 млн. сомду же ИДПнын 31,1 пайызын түзүп, 17 млрд. 237,8 млн. сомго көбөйүү менен 18 млрд. 137 млн. сомго жетмекчи.

2015-жылга мамлекеттик бюджеттин такталган чыгашасы 151 млрд. 36,6 млн. сом суммасында каралып, ИДПнын 34,4 пайызын түзмөкчү.

2015-жылга республикалык бюджеттин таңсыктыгы 25 млрд. 327 млн. сомду же ИДПнын 5,8 пайызын түзмөкчү, бул көрсөткүч бекитилген көрсөткүчтөн 10 млрд. 643,8 млн. сомго көбүрөөк.  

Бюджеттин таңсыктыгын жабууга 2015-жылы 25 млрд. 327,1 млн. сом суммасында каржылоо булактары каралган.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020