20 июня 2015, 11:46

”Газпром” компаниянын Кыргызстандагы ишмердигинин маселелери талкууланды

2015-жылдын 19-июнунда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Петербургдагы эл аралык экономикалык форумга катышуунун алкагында ”Газпром” ААК башкармасынын төрагасы  Алексей Миллер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө  компаниянын Кыргызстандагы ишмердигинин маселелери жана өлкөнүн энергетикалык секторуна алдыдагы инвестициялары талкууланды.

Алексей Миллер компаниянын инвестициялык программасын эске алуу менен, Кыргызстандын газ секторун өнүктүрүү пландары, ошондой эле  ишке ашыра турган социалдык программасы туурасында айтып берди. Компаниянын социалдык программасынын алкагында  Кыргызстандын ири шаарларында, облустук жана райондук борборлордо дене тарбиясы-саламаттык сактоо комплекстерин куруу пландаштырылып жатат.

Президент Алмазбек Атамбаев “Газпромдун” Кыргызстандагы ишмердиги өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана энергетикалык көз карандысыздысыздыкка жетишүүгө жакшы таасир тийгизет деген ишенимин билдирди.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020