22 июня 2015, 17:47

Азамат Арапбаев, ЖК депутаты: “Биометрикалык маалыматты тапшырбаган жарандар аз эле болот”

- Саясатчы Темирбек Асанбеков маалымат жыйын уюштуруп биометрика боюнча кабыл алынган мыйзам жарандардын укуктарын одоно түрдө бузуп жатат деген оюн билдириптир. Сиз ушундай ойго кошуласызбы?

– Мен кошула албайм. Бул коомдук угуудан, парламент тарабынан көп талкуудан өттү. Ар кандай экспертизадан да өттү. Бул маалымат туура эмес.

- Жарандар биометрикалык маалыматын тапшырбаса шайлоого катышпайт деген нормага каршы чыккандар көп. Темирбек мырза да ушул маселени айтып жаткандай?

– Азыр Өкмөт тарабынан катуу аракеттер жүрүп жатат. Атайын мобилдүү группалар түзүлүп, алыскы тоолуу райондорго чейин барып, бирин калтырбай маалыматын топтоп жатышат. Бул компания тыкыр иштеп, дагы деле кетип жатат. Менин оюмча шайлоого биометрикалык маалыматты тапшырбагандар өтө эле аз болот. Ошондуктан жарандардын укугу эч качан бузулбайт.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020