23 июня 2015, 10:22

Онтарио "Centerra Gold"догу Кыргызстандын 4 млн акциясын бошотту

  Соттун чечиминде Түркиянын Sistem Muhendislik Insaat Sanavi ve Ticaret A.S компаниясы Канаданын "Мамлекеттик иммунитет жөнүндө" мыйзамын бузган

 Онтарио Жогорку соту Centerra Gold Inc. компаниясындагы "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунунун буга чейин камакка алынган акцияларын бошотуу тууралуу чечим кабыл алды. 4 млн акция Түркиянын Sistem Muhendislik Insaat Sanavi ve Ticaret A.S (мурдагы "Пинара"-азыркы "Ак-Кеме" мейманканасынын экс-ээси) компаниясынын доо арызы үчүн камакка алынган эле. Бул тууралуу кечээ, 22-июнда  "Кыргызалтын" ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

  Эскерте кетсек, 2014-жылдын 15-апрелинде Онтарио соту тарабынынан Centerra Gold компаниясындагы "Кыргызалтынга" таандык акциялар камакка алынган. Бир аз кийинчерээк КРдин ишканасы соттун чечимин жогорку турган инстанцияга даттанган. 2015-жылдын 19-июнунда Онтарио Жогорку соту 2014-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу боюнча КРдин даттануу арызын канааттандырды.

  "Соттун чечиминде Түркиянын Sistem Muhendislik Insaat Sanavi ve Ticaret A.S компаниясы тиешелүү тартипте Кыргыз Республикасына соттук материалдарды тапшырган эместиги айтылат жана муну менен ал Канаданын "Мамлекеттик иммунитет жөнүндө" мыйзамын бузган",-деп билдиришти "Кыргызалтын" ишканасынан.

  Бирок "Кыргызалтындын" юристтери акцияны камактан чыгаруу боюнча процедуралар соңуна чыга электигин түшүндүрүштү, анткени жоопкер тарап Онтарио провинциясынын Жогорку сотунун чечимин Канаданын Жогорку сотуна даттанышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, 1999-жылы Кыргызстандын соттору "Ак-Кеме" мейманканасын банкрот деп тааныган жана бул объектини башкарууну Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret A.S. компаниясы колго алган. Бирок 2005-жылы март айында бийлик алмашкандан кийин мейманкана ишкер Руслан Сарымсаковдун колуна өткөн, 2009-жылы, арадан төрт жыл өткөн соң түрк компаниясы Женева сотуна объектини кайтарып берүү тууралуу доо арыз берген.

  Эл аралык сот органы түрк тараптын талабын канааттандырып, Кыргызстанга 11,4 млн доллар төлөөнү милдеттендирген. Республика мындай сумманы төлөп бере албагандыктан түрк ишкерлери Канаданын Онтарио сотуна Кыргызстандын Centerra Gold Inc. компаниясындагы акцияларын камакка алууну талап кылган доо арыз берген.

  Бул арыздын негизинде Кыргызстандын Centerra Gold Inc компаниясындагы 4 млн акциясы жана дивиденддеринин бир бөлүгү камакка алынган, өткөн жылы болгон соттук процесстерде КР болгону дивиденддердин бир бөлүгүн бошотуп чыккан, бирок акциялар дагы деле камакта калган болчу.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020