23 июня 2015, 11:34

Киевдин көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилет

Киевдин көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилет . Мындай идеяны Украинанын чыгармачыл бирикмелери жана айрым сүрөтчүлөрү колдоого алды, деп жазат "РБК-Украина".

Демилге Кыргызстандын Украинадагы элчилиги тарабынан сунушталган жана Киевдин мэри Виталий Кличко элчи Улукбек Чыналиев менен жолуккан учурда колдой тургандыгын билдирген.

Тараптар эки өлкөнүн маданий жана экономикалык кызматташуусун кеңири талкуулап, эң негизгиси элчи улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымын Киевдин көчөлөрүнүн бирине ыйгаруу маселесин көтөргөн.

"Чыңгыз Айтматов бүт дүйнөгө таанымал улуу жазуучу. Мындай кадам эки өлкөнүн достук мамилесинин дагы бир далили болмок",- деп сөзүн жыйынтыктаган элчи.

Кличко аталган демилгени колдоого ала тургандыгын айтып, аны Киев кеңешинин атайын комиссиясынын кароосуна киргизүүнү убада кылган.

"Маселени кийинки сессияда карап, оң жыйынтыкка келебиз деген ойдомун",- деген пикирин билдирген ал.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020