23 июня 2015, 12:19

Латвияда өткөн гей-парадга кыргызстандыктар дагы катышты (СҮРӨТ)

20-июнда Ригада (Латвия) Европрайд-2015 деген аталыштагы гейлердин парады болуп өттү. Иш-чаранын алкагында миңдеген адамдар шаардын борбору менен тынчтык парадына чыгышты. Алардын арасында Европанын жана АКШнын расмий өкүлдөрү дагы бар.

Латвияда өткөн гей-парадга кыргызстандыктар дагы катышты

Латвияда өткөн гей-парадга кыргызстандыктар дагы катышты

Ошол эле учурда Ригада үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактап калуу жана сексуалдык бузукулукка каршы акция уюштурулду. Сүрөтчү Андрейс Строкинс параддын катышуучуларын жана акцияга чыккандарды сүрөткө тартып алган.

Сүрөттөрдү көрүп отуруп "ВБ"нын журналисттери Кыргызстандын желегин көтөрүп жүргөн кыргызстандыкты байкаган. Ал колуна "Мен пропаганда эмес, адаммын" деген жазуусу бар плакатты көтөрүп алып, жигит гейлерди колдоого алган.

Латвияда өткөн гей-парадга кыргызстандыктар дагы катышты

Европрайд –бул гей-параддын негизинде жыл сайын Европанын ар кайсы шаарында өткөрүлүп туруучу эл аралык иш-чара.

Негизи парад 2 жумага уланат. Анын алкагында ар кандай спорттук, көркөм иш-чаралар уюштурулуп, концерттер, кечелер жана СПИДтен каза болгондорду эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт.

Латвияда өткөн гей-парадга кыргызстандыктар дагы катышты

Латвияда өткөн гей-парадга кыргызстандыктар дагы катышты

Европрайд алгачкы жолу 1992-жылы Лондондо өткөн. Акыркы учурда фестивалга Берлин, Амстердам, Копенгаген, Париж, Стокгольм, Вена, Кельн, Манчестер, Гамбург, Осло, Мадрид шаарлары дагы катышып келет.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020