23 июня 2015, 13:04

Жыл башынан бери салык кызматы 18 млрд сом салык жыйнаган

Жыл башынан бери салык кызматы 18 млрд сом салык жыйнаган. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, январь-май айларына карата Мамлекеттик салык кызматы 18 млрд 382 млн сом салык жана 17 млрд 980,9 млн сом атайын төлөмдөрдү чогултушкан. Планды аткаруу 102,2%ды түзгөн. Тактап айтканда , 401,1 млн сомго ашыкча аткарылган.

"2014-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктык түшүүлөр 2 млрд 561,2 млн сомго жогорулаган же , 16,2%га көбөйгөн", - деп маалымдайт басма сөз кызматы.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020