23 июня 2015, 14:12

Манасчы Ж.Мамайдын варианты боюнча “Манас” эпосунун сегиз томдугу Жогорку Кеңештин китепканасына тапшырылды

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында манасчы Жусуп Мамайдын варианты боюнча “Манас” эпосунун сегиз томдугу Жогорку Кеңештин китепканасына тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин орун басары, академик Абдылдажан Акматалиев 2012-жылы “Манас” эпосун сактоо, жайылтуу жана изилдөө боюнча кабыл алынган улуттук программанын негизинде УИАнын алдында “Манас” эпосунун Жусуп Мамайдын айтуусу боюнча чыгарылган вариантынын 8 томдугу жарык көргөндүгүн билдирди. Анын айтымында, бул Ж.Мамайдын вариантынын Кыргызстандагы алгачкы жолу толук басылып чыгышы болуп эсептелет. Буга чейин Кыргызстанда коомчулук “Манас” эпосун үчилтик катары таанып келген болсо, эми “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кененим”, “Сейит”, “Асылбача”, “Бекбача”, “Сомбилек” деген бөлүмдөрүн окуй алышат. 2014-жылдын 7-майында УИАда бул китептин бет ачары болгон. Бул 8 томдук билим берүү мекемелерине жана "Манас" таануучуларга таркатылып келүүдө.

Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев китеп окуу техникасын “Манас” эпосу менен жолго койгондугун, чоң ата, чоң энелерге “Манастан” көп окуп бергендигин, ата-бабалар “Манас” деген чоң дастан деп көкүрөгүбүзгө сиңиргендигин эскерди. Ал Ж.Мамайдын “Манас” эпосу боюнча сегиз аталыкка чейинки вариантын уникалдуу чыгарма, уникалдуу жетишкендик катары баалады. “Манас” эпосунун Жогорку Кеңешке алуу чоң сыймык экенин айткан комитет төрагасы 8 томдукту Жогорку Кеңештин китепканасынын башчысына тапшырды.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020