23 июня 2015, 15:52

Шашылыш билдирүү! 24-июндан 27-июнга чейин аба ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлүүдө

Шашылыш билдирүү!!! 24-июндан 27-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт мезгил-мезгили менен нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. 25-июндан 27-июнга чейин абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 23…28°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 15…20°, бийик тоолуу райондордо 0…5° жылуу болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. 2015-жылдын 24-июнунан 27-июнуна чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындарга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүүсү жана дарыялардагы суулардын деңгээли көтөрүлүүсү күтүлөт.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020