23 июня 2015, 16:18

Биометрикалык маалыматтарын чогулткандарга финмин компенсация төлөп берди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, биометрикалык маалыматтарын чогултууга тартылган адамдарга компенсация төлөө үчүн акча каражаттары Финансы министрлиги тарабынан бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынын адиси Элзат Кыдырмышова билдирди.
“Өкмөттүн 2015-жылдын 27-мартындагы токтомуна ылайык КРнын Финансы министрлигине 2014-жылы КРнын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултууга тартылган адамдарга (Кызматтын кызматкерлеринен тышкары) компенсация төлөө үчүн КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына акча бөлүп берүү тапшырылган. Азыркы учурда акчаны министрлик бөлүп берди”,-дейт Э.Кыдырмышова.
Ошондой эле “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 2015-жылы биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн тартылган кызматкерлердин санын тактоо боюнча иштер аткарылып, кызмат тарабынан финансы министрлиги менен бирдикте операторлорго жана ассистенттерге суткалык эмгек акы төлөө боюнча эсептөөлөр жүргүзүлдү жана өкмөттүн чечими даярдалып жатат”,- деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, жергиликтүү интернет-сайттардын бирине “Балыкчы шаарынын 15 жашоочусу биометрикалык маалыматтарды кабыл алуу пунктарында 8 ай бою иштегендиги үчүн айлык акыларын ала албай келгендигине нааразы болушууда”,-деген маалымат жарык көргөн. Андагы маалыматка ылайык, Балыкчы шаарындагы биометрикалык маалыматтарды тапшыруу пунктарында жалпысынан 22 адам иштеген.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020