23 июня 2015, 16:23

18 миң экспонатты сактаган Г.Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейи оңдоп-түзөөгө муктаж

 Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтовдун кайрылуусу каралды.

Кайрылуу менен министрдин орун басары Бактыбек Секимов тааныштырды. Анда Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана музейди капиталдык ремонттон өткөрүүгө республикалык бюджеттен жардам берүү тууралуу өтүнүч айтылган.

  Музейдин директору Юристанбек Шыгаевдин маалыматы боюнча музейде дүйнөлүк жана улуттук маанидеги өтө баалуу сүрөттөрдөн, скульптуралардан турган 18 миңге жакын экспонат бар. Музей 1934-жылы уюштурулган. Ал Орто Азия чөлкөмүндө эң чоң сүрөт музейи болуп эсептелет. Туризмдин очогу болгон бул музейдин чатыры өткөн бороондо жабыркап, имараттын ичине суу кире баштаган. “Эми кайра оңдоп-түзөөсү өтө кымбат сүрөттөр жаандан жабыркашы толук мүмкүн. Улуттук музей болгондуктан, эл аралык уюмдарга жардам сурап кайрыла албайт экенбиз”,- дейт Ю.Шыгаев.

Комитет мүчөлөрү Кыргызстанга, же борбор калаага келген чет элдик меймандарга көрсөтө турган маданий жайлардын бири болгон бул музейге камкордук көрүү зарыл экенин айтышты.

  Комитет төрагасы К.Осмоналиев бул музейдин абалы менен 3 ай мурун таанышып келгендигин айтып, маселени өкмөттүк деңгээлде карап, жардам берүү зарыл экенин баса белгиледи. Депутат Роза Акназарова быйыл музейдин ремонтуна суралган 26 миллион сомду парламент бөлүп бере албаса, эми жылдардагы чыгым андан он эсеге арбып кетээрин эскертип, Каржы министрлиги кандай кошумча каражат табылса, биринчи кезекте бул музейдин маселесин чечүүгө бөлүүнү сунуш кылды. Жыйынга катышып отурган каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев дагы өлкөнүн сыймыктана турган маданий жайына каржылык жардам берүүгө бар аракетин жумшай тургандыгын айтты.

  Жыйынтыгында бул маселе КР Өкмөтүнө тапшырылды.

 Жыйындын жүрүшүндө КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору О.Ахмедовдун кайрылуусунун негизинде Каржы министрлигине тапшырма берилди. Кайрылууда архивдик документтерди электрондук маалыматка айландыруу, аларды издеш үчүн электрондук каталог түзүү сындуу маселелерге архивдерди сактоочу атайын жайлар, техника жана атайын программалар менен камсыз кылуу маселеси курч тургандыгы белгиленип, бул маселелерди чечүүгө 17 миллион сом каражат суралган.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020