23 июня 2015, 16:49

Россиядагы кыргызстандыктар Атамбаевге ыраазычылык билдиришти

"Замандаш" ассоциациясы жаңы макулдашуу Россияда иштеген эмгек мигранттары үчүн да, алардын Кыргызстанда калган үй-бүлөлөрү үчүн да олуттуу жана көптөн күткөн жаңылык болгонун белгилейт.

Россиядагы кыргызстандыктар президент Алмазбек Атамбаевге "кара тизме" тууралуу маселенин чечилишине кийлигишкени үчүн ыраазычылык билдирип жатышканын Sputnik агенттигине "Замандаш" ассоциациясынын маалымат кызматы кабарлады.
Жума күнү Санкт-Петербург шаарында кыргызстандыктардын Россия аймагында каттоосуз 30 күн жүрүүсүнө уруксат берген макулдашууга кол коюлган.
Ассоциация макулдашуу Россияда иштеген эмгек мигранттары үчүн да, алардын Кыргызстанда калган үй-бүлөлөрү үчүн да олуттуу жана көптөн күткөн жаңылык болгонун белгилейт.
Ошол эле учурда Россиянын миграциялык мыйзамын бузган КР жарандарына эми РФ аймагына 2015-жылдын 10-июлунан 1-ноябрына чейин эч кандай санкцияларсыз эркин кирип-чыгуусуна уруксат берилди.
"Макулдашуу "кара тизмеге" киргизилген биздин жарандарга Россия аймагында мыйзамдуу түрдө жашоого, эмгек келишими аркылуу эмгектенүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мында РФ мыйзамдары толугу менен сакталышы зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.
Россиянын бир катар шаарларындагы кыргыз диаспоралары президентке көйгөйдү туура түшүнүп, анын тез арада чечилишине аракет көргөнү үчүн ыраазычылык билдиришүүдө.
"Өлкө башчынын ыкчам кийлигишүүсү гана бул маселенин оң жагына чечилишин камсыздады", — деп билдирет ассоциация.
"Замандаш" аталган маселе боюнча мекендештер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө убада кылды.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020