23 июня 2015, 17:29

Өкмөт 2015-2017-жылдар аралыгында 17 мүлк үлүшүн жеке менчикке сатуу сунушун киргизди

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде КР Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын долбоору угулду.

Экономика министри Олег Панкратовдун берген маалыматына караганда, ушу тапта 17 мамлекеттик мүлк үлүшүн, тагыраак айтсак, мамлекеттин акционердик коомдордогу 14 пакеттик үлүшүн, жоопкерчилиги чектелүү коомдордогу 3 пакеттик үлүшүн жеке менчикке сатуу жагы мерчемделүүдө. 100 пайыз мамлекеттин үлүшүнөн турган «Альфа Телеком» (Соода маркасы – MegaCom) компаниясы алардын эӊ ириси болуп саналат. Анын баштапкы баасы болжол менен 300 млн долларды түзөт, бирок ал сатуу жүрүшүндө дагы жогору өсүшү мүмкүн.

Министр ушу тапта «Альфа Телеком» компаниясынын кирешеси өсүп, абалы кыйла жагымдуу болуп турганын айтты. Азыркы учурда атаандаш компаниялар арбып, кардарлардын басымдуу бөлүгү компьютерге өтүп жаткандыктан, айрым тобокелчиликтер да жок эмес. Андан сырткары, экономикалык жана соттук тобокелчиликтер да бар. «Бул ишкананын тагдырын азыртан ойлонушубуз керек. Бара-бара азыркыдай абал жаман жагына өзгөрүп, анын акцияларынын куну түшүп кетиши мүмкүн. Мындай мисалдар биздин тажырыйбада бар», - дейт ал.

Жыйын жүрүшүндө мамлекетке караштуу «Кыргызпочтасы» ишканасын 100 пайыз мамлекеттин үлүшүнөн турган өз алдынча чарбалык субъектке айландыруу чаралары да көрүлө турганы белгилүү болду. Анткени, таза мамлекеттик ишканага эл аралык донолордон кошумча каражат тартуу улам кыйындап, иш натыйжалуулугу төмөндөп барат. Эгер ал өз алдынча чарбалык субъект болсо, өлкө аймагында анын бөлүмдөрү көп болгондуктан, мамлекеттик жана коммерциялык банктар менен биргелешип иш алпарууга да мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү.

Депутат Алла Измалкова мамлекет начар менеджер экенин эске салып, компанияны атаандаштыкка жөндөмдүү кезинде сатуу демилгесин колдой турганын билдирди. Комитет мүчөлөрү анын мындай пикирин колдоп, КР Өкмөтүнүн 2015-2017-жылдары мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын долбоорун жактырды.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020