24 июня 2015, 09:19

Үч фракция акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүнү чечти

"Парламенттин көпчүлүк коалициясына кирген "Ата Мекен", "Ар-Намыс", КСДП фракциялары Кыргызстандын акыйкатчысы Бакытбек Аманбаевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууну чечишти",-деп билдирген кечээ, 23-июнда "24kg" маалымат агенттигине адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлуш боюнча комитеттин башчысы Наталья Никитенко.

"КСДП, "Ата Мекен" жана "Ар-Намыс" фракциялары Кыргызстандын акыйкатчысы Бакытбек Аманбаевди кызматынан бошотуу боюнча чечимди кабыл алды. Эгерде фракциянын чечими болсо, анда акыйкатчынын ишмердигин иликтөө боюнча атайын комиссия түзүүнүн зарылдыгы жок",-деп билдирген Никитенко.

Ал өзү жетектеп турган комитет жакын арада акыйкатчыны бошотуу тууралуу тиешелүү чечимди комитет талкуусуна алып чыгарын айтты. Андан кийин бул чечим парламенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, 10-июнда парламентте болгон жыйында 94 депутаттын 69у акыйкатчынын жыл сайын берүүчү Кыргызстандагы адам укуктарынын жана эркиндигинин сакталышы тууралуу докладына каршы добуш берип, колдогон эмес.

Акыйкатчы президентке кайрылып, бул жагдайды "КСДП фракциясынын айрым депутаттарынын тар чөйрөсүнүн бөлүп-жаруучу иш-аракеттери" деп баалаган.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020