24 июня 2015, 10:22

Ак үйдүн алдында Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө

Ак үйдүн алдында "Конституциядан колунда тарт" нааразычылык акциясы өтүүдө. Жарандык активисттер Жогорку Кеңештин үч фракциясы "Ата Мекен", "Ар-Намыс" жана КСДП көтөрүп жаткан сунуш мыйзамсыз экенин айтышып, колдоруна "Конституциядан колуңду тарт!" деген плакаттарды кармап алышкан. Ак үйдүн алдына болжол менен 100гө жакын адам чогулган. Каршылык акциясынын уюштуруучуларынын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери баш мыйзам сегиз жолу алмашкан, бул өлкөгө туруктуулук алып келбей турганын убакыт көрсөттү дейт алар.
Учурда митинг уланууда. 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020