24 июня 2015, 11:55

ТИМ АКШ элчилигинин "дипломатиялык жүгү" келгенин тастыктайт

АКШ элчилигинин "дипломатиялык жүгү" Кыргызстандын аймагына 23-июнь күнү келгенин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Нурлан Сүйөркулов тастыктады.

Буга чейин маалымат булактар жүк шейшемби күнү таңкы саат үчтө келип, аэропорт аймагынан эртең мененки саат беште алынып чыкканын билдирген.

"Жүктүн келери тууралуу тийиштүү нота болгон. ТИМ коомчулуктун кооптонуусун жакшы түшүнөт, бирок тынчсыздануунун себептери болушу керек. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча аталган жүк америкалык элчиликтин жаңы имараты үчүн пайдаланылат", — дейт өкүл. 

Сүйөркуловдун айтымында, аталган жүк Кыргызстандагы абалды туруксуздаштыра тургандыгы жөнүндө маалымат жок. 

"Жүк кечигип келди. Буга аны өз убагында жөнөтпөгөн америкалык тарап күнөөлүү", — деди ал.

Сүйөркулов мындай жүктөр Кыргызстанга мамлекеттин мыйзамына ылайык бардык тийиштүү процедуралардан өткөндөн кийин гана киргизиле турганын белгилеп кетти. 

"Бул тартип КР аккредитациядан өткөн бардык чет элдик өкүлчүлүктөргө тиешелүү. Дипломатиялык жүк жиберүү — бардык мамлекеттерде пайдаланылат. Ушундай эле тажрыйба Кыргызстандын чет жердеги өкүлчүлүктөрүнө жиберилген жүккө карата да ошол мамлекеттер тарабынан колдонулат", — деп түшүндүрдү Сүйөркулов.

Март айында украина авиакомпаниясынын АН-124 "Руслан" унаа учагы "Манас" аэропортуна эки жолу келип конгонун ММК жазып чыккан. Учак Бириккен Араб Эмирлигинен АКШ элчилиги үчүн 152 тонналык "кандайдыр бир жүк" ташып келген. Дипломатиялык почта болгондуктан, ал текшерилген эмес.

Эксперттер америкалыктар жаңы элчиликтин имаратын куруу менен бирге Кыргызстанга "демократия" кирпичтерин жана "эркиндиктин" арматураларын ташып келип жаткандыгы тууралуу пикирлерин билдиришкен. 

2015-жылдын февраль айында АКШнын КРгы убактылуу элчиси болуп Ричард Майлз дайындалган. Кыргызстан менен Грузия эксперттери бул дайындоонун кокустук эмес экенин, ал мамлекетке кооптуулук жаратарын айтышууда.

Майлз элчилик милдетти Азербайжан, Белград жана Болгария мамлекеттеринде аркалаган. 2003-жылы Грузияда "роза төңкөрүшү" болгон учурда да Майлз аталган өлкөдө Американын элчиси болуп турганы белгилүү.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020