24 июня 2015, 17:50

М.Шеримкулов: «2010-жылдагы кабыл алынган Конституцияны 2020-жылды күтпөстөн эле өзгөртүүгө макулсузбу?»

«Эгемен Кыргызстандагы парламентаризмдин  башатын 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Конституция түзөт. Анда  мамлекеттин башкаруу системасы президенттик-парламенттик деп белгиленген. Ал эми азыркы Жогорку Кеңеш 2010-жылы татаал кырдаалда шайланып келди, ошентсе дагы 5 жыл ичинде жемиштүү иштей алды. Дүйнөлүк тажрыйбада мамлекеттик бийлик бутактардын ичинен эң эле көп сын-пикирлер парламентке айтылат. Анткени, парламент ачык орган. Анын ар бир иш –аракети жалпы коомчулуктун көз алдында турат»,-  деген пикирин эл арасында «легендарлуу» деген ат менен калган парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов бүгүн, 24-июнда «Парламент» радиосунун түз эфиринде Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өнүгүүсү тууралуу талкууда билдирди.

Радиоугуучулардын суроосуна жооп берип жатып, экс-спикер М.Шеримкулов парламенттеги  депутаттардын саны оптималдуу болгону дурус деген пикирин айтты. «Өтө аз санда болуп калса, мамлекеттеги маанилүү чечимдерди кабыл алууда парламентке таасир көрсөтүү мүмкүнчүлүгү алда канча жогору. Ошондуктан, , депутаттардын эсеби өтө аз дагы, өтө көп дагы болбош керек. Албетте эл өкүлдөрү жоопкерчиликти бекем кармап, элдин салыгынан түшкөн  акча менен каржыланып жаткандан,  кийин эл ишеничин актап, эл үчүн адилет иштеши керек»,- дейт М.Шеримкулов.

Учурда коомчулукта кызуу талкууну жаратып жаткан Баш мыйзамга сунуштала турган өзгөртүүлөр жагдайында дагы пикирин билдирген Медеткан Шеримкулов,  «Эгерде конституцияга өзгөртүү киргизүү зарыл болсо, анда референдумга «2010-жылдагы кабыл алынган Конституцияны 2020-жылды күтпөстөн эле өзгөртүүгө  макулсузбу?»  деген   бир эле суроону коюунуздарды суранат  элем. Ошондо эл колдоп берсе,  анда жаңы парламент шайлангандан кийин кийин конституциялык кенешме түзүп, керек болсо конституциянын  төрагасы - президент  өзү болгондо  элде да эч кандай нааразычылык жаралбай,  адилет болот», - деген оюн билдирди. 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020