25 июня 2015, 10:21

ЖКга жаңы депутат болуп келген Тимур Муратов парламентте ант берди

Жогорку Кеӊештин бүгүн, 25-июнунда өтүп жаткан жыйынында «Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп келген Тимур Муратов ант берди. Мыйзамга ылайык, депутат парламентте ант берген соӊ, ыйгарым укуктарын расмий аткарууга киришет.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан Тимур Муратовду кыргыз парламентинин депутаты болушу менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Тимур Муратов жакында эле өз каалоосу менен ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Майрамкан Кадырбекованын ордуна келди.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020