25 июня 2015, 10:31

ЖКнын төрагасы А.Жээнбеков Орусиянын жана Беларусиянын депутаттарын кабыл алды

КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков кечээ, 24-июнда Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Николай Иванов менен Беларустун Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр Палатасынын депутаты Вадим Девятовскийди кабыл алды. Бул тууралуу, ЖКнын басма-сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жолугушууга Жогорку Кенештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Бахтияр Кадыров, Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрайымы Наталья Никитенко жана КМШ ПААнын Кеңешинин катчысынын орун басары Нурбек Сатвалдиев катышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы А. Жээнбеков Ысык-Көлдүн жээгинде 18-июндан 24-июнга чейин болуп өткөн «Шериктештиктин балдары - 2015» аттуу III эл аралык маданий жана билим берүүчү форумга катышканы үчүнРоссия менен Беларустун парламент депутаттарынаыраазычылыгын билдирди.Төрага совет элинин, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана оорук эмгекчилеринин эрдигин эсте сактоону максат кылган бул форумдун канчалык маанилүү экенин айтып өттү. Ал КМШ өлкөлөрүнүн элдеринин ыйык милдети - Улуу Жеңишти эстен чыгарбай, ал тууралуу маалыматты кийинки өсүп келаткан муунга өткөрүп берүү экенин баса белгиледи. «Улуу муундун өкүлдөрү мындай иш-чараларга активдүү катышып, биздин элдердин эрдиги тууралуу маалыматты жаңы муундарга өткөрүп, муундардын өз ара байланышын сактап калышы керек. Биздин ата-бабаларыбыз жанаша туруп өз мекенин коргогонун балдар билүүгө тийиш»,- деди ал.

А.Жээнбеков Кыргыз Республикасы Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кирүү боюнча ички мамлекеттик жол-жоболордун баарын толук аяктаганын кабарлады. «ЕАЭБге кирүү - экономикалык жактан негизделген, ойлонулган кадам болгон. Ал аркылуу бөгөттөр жоюлуп, капиталдын, товарлардын, тейлөөнүн жана эмгек ресурстарынын эркин жылышы каралган», - деди Төрага.

Россиянын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Николай Иванов менен Беларустун Улуттук Жыйынынын Өкүлдөр Палатасынын депутаты Вадим Девятовский «Шериктештиктин балдары - 2015» аттуу III эл аралык маданий жана билим берүүчү форум жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, жыл сайын өтүүчү бул иш-чараны уюштуруу боюнча Кыргызстандын парламентинин демилгеси үчүн ыраазычылыгын билдиришти. «Кыргызстан «Шериктештиктин балдары» аттуу уникалдуу форумду ишке ашырып, ал КМШ мамлекеттеринин жакындашуусуна өбөлгө түзүп жатат», - деди Россиянын Мамдумасынын депутаты Николай Иванов. Кыргыз парламентинин КМШ ПААнын алкагындагы жигердүү ишин белгилеп, ал кыргыз тараптын демилгеси менен КМШнын Парламент аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы белгиленип, ал эмгиче адабият жаатындагы абройлуу сыйлыкка айланып калганын эске салды.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020