25 июня 2015, 12:45

А.Кутушев: "Президенттик башкаруудагы өлкөлөргө караганда парламенттик системадагы мамлекеттерде туруктуулук 3 эсеге бекемирээк"

«Дүйнөлүк тажрыйба тастыктап тургандай, президенттик башкаруудагы өлкөлөргө караганда парламенттик системадагы мамлекеттерде туруктуулук 3 эсе бекемирээк болуп, коомчулуктагы ар кандай чыңалууга жол берилбейт. Буга себеп - сын-пикирлер менен ачык талкууларды парламентте айтууга шарттын бардыгы, коомдук көзөмөлдүн күчтүүлүгү, коомдун ачыктыгы», - деди Жогорку Кеңештин  Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Абдуманап Кутушев «Парламент» радиосунун түз эфиринде Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өнүгүүсү тууралуу талкууда.

«Азыркы тапта оппозиция көчөдө эмес, парламенттин ичинде. Президенттен тартып, сот органдарына, жалпы мамлекеттик бийлик органдарындагы жүргүзүлүп жаткан ар бир иш ыргагы парламентте талкууланып, мыйзам чыгаруу бийлиги аркылуу коомчулукка кеңири жана өз убагында жеткирилип келет. Бир адамдын кызыл камчы бийлиги эмес, мыйзамдулуктун гана диктатурасы орногон мамлектеттин келечеги кең болот»,- дейт А.Кутушев.

Депутат ошондой эле Кыргызстан эркин адамдардын мамлекетине айланып жаткандыгын айтып, АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Спартлен айымдын «Кыргызстан бай болбосо дагы, анын тургундары  дээрлик эч бир бай мамлекеттердин жарандарынын турмушуна суктанышпайт»,- деп айтканын мисал келтирди. Себеби, Кыргызстанда негизги баалууулук – эркиндик бар. 

«Мен жарандык коом менен иштеген комиссиянын курамында дагы иш алып барам. Андагы статистикалык маалыматтар аныктап тургандай, Кыргызстандын жарандыгынан чыгам дегендерге караганда, ушул өлкөнүн жарандыгын алсам дегендердин көрсөткүчү 5 эсе жогору. Алар бир гана кыргыздар эмес, башка улуттун өкүлдөрү дагы. Анын себептерин сурасак, эң башкысы - Кыргызстандагы табияттын кооздугу, элинин меймандостугу гана эмес, коомдун эркиндиги», - деп жооп беришкендигин белгилейт депутат.

«Кыргызстандагы тандалып алынган парламенттик система нагыз классикалык үлгүдө болбосо дагы, анын алган багытындагы иштер алгачкы жыйынтыктарын бере баштады»,- деген пикирин ЖК Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин төрайымы Айнуру Алтыбаева ушул эле талкуунун жүрүшүндө билдирди. Азыркы парламенттеги негизги өзгөчөлүк катары оппозициялык маанайдагы фракцияларга негизги комитеттерди жетектөө тапшырылгандыгын  2010-жылы кабыл алынган Конституциядагы башкы артыкчылык катары атады. Депутат муну бир топ чет мамлекеттен келген парламенттик делегациялардын да белгилеп жатышканын кошумчалады. 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020