25 июня 2015, 13:00

Депутаттар газга болгон тарифти жогорулатууга каршы чыгышууда

Бүгүн, 25-июнда парламенттин жалпы жыйынында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Бакыт Шаршеев кесиптештерин көгүлтүр отко болгон тарифти жогорулатуу сунушун колдобоого чакырды.

Ал "Газпром Кыргызстан" ишканасы газга болгон тарифти акырындык менен жогорулатууну сунуштап жаткандыгы тууралуу ЖМК аркылуу маалыматтар чыгып жаткандыгын айтты.

"Мындай сунуш менен алар өкмөткө кайрылган. "Газпром"дун маалыматы боюнча "Кыргызгаз" ишканасынын чыгашалары көп болгондуктан газга болгон тарифти жогорулатуу керек экен. Биз бул ишкананы 1 долларга саткандыгыбызды жакшы билебиз. Булар болсо учурда тарифти жогорулатууну суранып жатышат. Мындай кадам туурал эмес, элди толкундоого алып келүүсү ыктымал",- деди ал.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020