25 июня 2015, 13:27

Депутаттар бүгүн да кечки саат сегизге чейин иштемей болушту

Бүгүн, 25-июнда парламентин жыйынында депутаттар өздөрүнүн иш убактысын 20.00гө чейин узартуу чечимин кабыл алышты.

Парламентчилер алардын күн тартибинде көп маселелер карала электигин белгилешти.

Эскерте кетсек, 1-июндан тартып парламенттик каникул башталат. Буга байланыштуу эл депутаттары 26, 29 жана 30-июнда кезексиз үч жыйынга чогулууну пландашты.

"Бизде көп мыйзам долбоорлору калды, ошондуктан чогулабыз. Ар бириңиздер биз карай элек мыйзам долбоорлору бар экенин айтып жатасыздар. Алардын баарын бир күн тартибине кошууга болбойт, биз аларды кезексиз жыйындарда карайбыз",-деп билдирди Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020