25 июня 2015, 16:47

ЖК Акыйкатчы Б.Аманбаевди кызматынан бошотуу боюнча чечим кабыл алды

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Бактыбек Абдилашимович Аманбаевди ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселе добушка коюлуп, кабыл алынды.

Эске салсак, 2015-жылдын 10-июнунда Жогорку Кеңеште КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) «2014-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» ар жылдык баяндамасы угулуп, Акыйкатчынын ар жылдык баяндамасы жактырылган эмес.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020