26 июня 2015, 15:33

Улуттук мыйзамдардын айрым жоболору ЕАЭБ курамындагы өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирилүүдө

Жогорку Кеӊеште Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамына кошулушунун алкагында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экономика министрлигинин берген маалыматына караганда, бир катар улуттук мыйзам жоболору  ЕАЭБдин курамына кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирилүүдө. Ал үчүн “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөр киргизилип жатат.

Мыйзамдарга жаӊы жоболор камтылган жок, тек гана техникалык түзөтүүлөр киргизилүүдө. Мисалы, биздин бул мыйзамдардагы «табигый монополия» деген түшүнүк ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарындагы «уруксаат берилген монополия» деген сөзгө алмаштырылууда.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020