26 июня 2015, 17:24

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына жаӊыдан шайланган Кубанбек Киргизбаев парламентте ант берди

Жогорку Кеӊеште КР Президенти тарабынан талапкерлиги Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялык кызмат ордуна сунушталган Киргизбаев Кубанбек Маанаевич электрондук жашыруун добуш берүү жыйынтыгында, депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн добушу менен Конституциялык палатасынын судьялыгына шайланды.

Шайлоого улай, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясы Кубанбек Киргизбаев кыргыз парламентинде ант берип, өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан Конституциялык палатасынын судьялыгына шайланышы жана парламентте ант бериши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек, Кубанбек Киргизбаев 1949-жылы туулган. Жогорку юридикалык билимдүү. Эмгек жолун адвокат катары баштап, кийин Юстиция министрлигинде, Бишкек шаардык сотунда, Жогорку сотто иштеген. Азыркы учурда адвокат болуп иштеп турган.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020