26 июня 2015, 18:06

Депутат М.Бакиров ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Исакбекович  Бакировдун талапкерлиги каралып, бюллетень аркылуу жашыруун добуш берилди.

Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасында М.Бакировдун талапкерлигине 69 макул, 1 каршы добуш берилди.

Жыйынтыгында “Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына М.Бакировду шайлоо жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020