27 июня 2015, 10:12

Быйыл мигранттардан акча которуулар 33 % азайды

Быйыл мигранттардан акча которуулар 33 % азайды. Мындай маалыматты Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов кечээ, 26-июнда өткөн өкмөт жыйынында айтты. Ал маалыматка ылайык, өлкөдөн тышкары эмгектенген кыргыз мигранттарынын көбү Россия Федерациясында жайгашкан. Ар кыл маалыматтарга жараша алардын саны 500дөн 550 миңге дейре жетет.
Министр Азыранкуловдун маалыматы боюнча ушул жылдын мартынан май айына дейре Россияда эмгектенген жарандардын саны 21 868 адамга кыскарган. Эксперттердин пикиринде, бул көрүнүш рублдин кунунун түшүүсүнө жана Россиядагы экономикалык активдүүлүктүн төмөндөөсүнө байланыштуу болгон.
Министрдин айтымында, 2015-жылдын 1-кварталында мигранттардын Кыргызстанга карата болгон акчалай которуулары 267,4 млн АКШ долларын түзүп, бул көрсөткүч өткөн жылы 2,17 млрд АКШ долларына барабар болгон. Акча которуулар 33% кыскарган.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020