27 июня 2015, 12:03

ЖКнын делегациясы Страсбург шаарында ЕКПАнын жайкы сессиясына катышууда

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев баштаган Кыргызстандын парламенттик делегациясы Страсбург шаарында (Фракция) өтүп жаткан Европа Кеӊешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) жайкы сессиясына катышууда.

Жогорку Кеӊештин делегациясынын курамында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Сайдулла Нышанов, Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Элмира Иманалиева бар.

ЕКПА сессиясына катышуунун алкагында Жогорку Кеӊештин депутаттары ЕКПАнын Маданият, илим жана билим берүү боюнча комиссиясынын жыйынында, жалпыга маалымдоо каражаттарынын алдында чыгып сүйлөштү.

ЕКПА парламентчилерине Кыргызстандын билим берүү тармагынын жалпы тутуму, тарыхый жана азыркы шарттарда билим берүү жаатындагы кыйынчылыктар менен коюлган милдеттер, ошондой эле жогорку кесиптик билим берүү боюнча эл аралык кызматташтык алакалар тууралуу учкай маалымат берилди. Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосунда билим берүү, адистерди даярдоо, тажрыйба алмашуу жаатындагы парламенттер, мамлекеттер, мекемелер, жогорку окуу жайлар аралык кызматташтык мамилелерди бекемдөө жана андан ары өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.

Жыйында кызматташтык мамилелерди ишке ашыруунун так механизмдерин талкуулоо маселесин ЕКПАнын тармактык комитетинин кезектеги жыйынынын күн тартибине киргизүү макулдашылды.

Андан сырткары, делегация мүчөлөрү ЕКПАнын Миграция, качкындар жана калкты жайгаштыруу боюнча комиссиясынын төрагасы Т.Мариани менен жолугушуп, анын жүрүшүндө 2015-жылдын 2-июнунда Бишкек шаарында өткөн «Борбордук Азиядагы миграция маселелери» эл аралык конференциясынын жыйынтыгы талкууга алынды.

Ошондой эле, алар ЕКПАнын Миграция, качкындар жана калкты жайгаштыруу боюнча комиссиясынын катчылыгынын жетекчиси А.Ноллингер жана ЕКПАнын Маданият, илим жана билим берүү боюнча комиссиясынын катчылыгынын жетекчиси Р.Фасино менен жолугушуп, кызыктырган маселелер жаатында пикир алышты.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020