29 июня 2015, 11:02

Депутат Ч.Турсунбеков КСДП фракциясы Суу кодекси боюнча мыйзам долбооруна добуш бербей тургандыктарын расмий билдирди

КСДП фракциясынын лидери Ч.Турсунбеков Суу кодексине өзгөртүүлөргө добуш берүүнү күн тартибинен алып салууну, бул маселеге мөңгүлөрдүн коопсуздугунун кепилдигин камсыз кылгандан кийин гана кайтып келүүнү сунуштайт.

КСДП фракциясынын лидери Ч.Турсунбековдун билдирүүсү:

Акыркы кезде КСДП менен Өкмөттүн өкүлдөрүнүн ортосунда Суу кодексине сунуш кылынган өзгөртүүлөр боюнча терең талкуулар өтүп жатат.

Бул маселени биз Өкмөт менен узак талкууладык. Популизмге берилбеген иштиктүү сөз болду. Биз Өкмөткө Лысый жана Давыдов мөңгүлөрү кабылган кырдаалга Кыргызстандын башка мөңгүлөрү эч убакта туш болбой тургандай чечим кабыл алуу зарылдыгын айттык. Мындан ары эч ким өзүнүн күнүмдүк кызыкчылыгы үчүн мөңгүлөрдү садага чаба албай тургандай болушу керек. Ар кандай варианттарды табууга аракеттендик. Бирок акырында, КСДПнын пикири боюнча, азыркы мыйзам долбоору буга кепил боло албайт деген чечимге келдик. Ошондуктан КСДПнын атынан бул мыйзам долбоору үчүн биз добуш бере албасыбызды расмий билдирем.

Бул расмий  билдирүүнү  мен  Өкмөт менен   проблеманы  чечүүнүн жолдорун  чогуу-чаран издегенден кийин гана  жасап жатам. Кечээ күнкү сүйлөшүүлөрдөн кийин биз Өкмөт Кыргызстандын кызыкчылыгына шайкеш чечим кабыл алууга жакын экенин көрдүк.

КСДП фракциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн стратегиялык жактан жетик иштелип чыккан жана социалдык жоопкерчиликтүү демилгелерин ар дайым колдоп келет. Бирок көзгө даана урунган тобокелчиликтерди байкасак, ал тууралуу Премьер-министрге түз айтабыз. Ар дайым биргелешип элдин жана Кыргызстандын стратегиялык кызыкчылыктарына шайкеш келген чечимдерди табууга аракеттенебиз.

Өкмөт бул демилге менен Жогорку Кеңешке кимдир бирөөлөрдүн жеке кызыкчылыгы үчүн кайрылып жатпаганы түшүнүктүү. Тескерисинче, биз Өкмөттүн бул аракетинен жарандык чечкиндүүлүктү жана жоопкерчиликти көрүп турабыз. Ондогон жылдардан ашуун мезгилден бери Жогорку Кеңеште олтуруп, Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын жок кылуу жүрүп жатканын көрүп туруп, билмексендикке салып келишкен, ал эми бүгүн кыйкымчылык кылып жатышкан  биздин айрым кесиптештерибизге караганда алардын позициясы ачык жана так. Ал эми кимдир-бирөөлөр үчүн мөңгүлөрдү сактоо кандай да болсо саясий упай топтоонун амалы экени көрүнүп турат.

Алардан айырмаланып, Премьер-министр бул маселеде жогорку жоопкерчиликти көрсөтүүдө. Ал Кумтөр кениндеги өндүрүштүн токтоп калуу коркунучун жоюу тууралуу эң туура айтып жатат. Премьер-министр кыргызстандыктар үчүн жумуш орундарын сактап калуу зарылдыгын туура айтууда. Өндүрүштүн токтоп калуусу бюджет үчүн миллиарддаган чыгым алып келерин да Өкмөт башчысы туура айтып, туура күйүп-бышууда. Чыныгы Премьер-министр катары, Сариев Темир Аргембаевич буга жол бербөөгө умтулууда.

Депутат катары  биз дагы туура иш жасап жатабыз.  Кумтөрдөгү  жагдайдан чыгып кетүү үчүн Кыргызстан канча  кун төлөйт деп,    маселенин наркы тууралуу маселе  коюп, биз дагы туура иш жасап жатабыз деп эсептейм.

Кеп  төркүнү Кыргызстандын  жаратылышы тууралуу болуп жатат.   Бул багыттагы  ар бир кадам  мүмкүн болушунча так  эсептелип, Кыргызстан элинин бүгүнкү күндөгү гана кызыкчылыктарына эмес, стратегиялык кызыкчылыктарына  дагы  жооп берүүгө тийиш.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020