29 июня 2015, 11:20

Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди

Бүгүн,   29-июнда   Жогорку   Кеңештин   кезексиз    жыйынында  “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоору бүгүн, 29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында 3-окууда каралды.

Жыйында мыйзам долбоорун депутат Алла Измалкова алып чыкты. Долбоор боюнча КР Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жооп беришти.

Бул мыйзам долбоору өрттүн жана табигый кырсыктардын натыйжасында турак жайлардын бузулушу же жок болушу менен байланышкан жоготуулардын ордун толтуруу үчүн экономикалык шарттарды түзүү максаттарында иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын аймагында өрттөн жана табигый кырсыктардан турак-жайды милдеттүү камсыздандырууну турмушка киргизүүнү сунуш кылып жатат, анткени келтирилген материалдык чыгымдардын ордун толтуруу өлкөбүздүн бюджетине чоң оордукту келтирип жатат. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында жыл сайын төлөнүүчү төлөмдөргө карата болгон муктаждык 1 млрд. ашуун сомду түзүп жатат. Камсыздандыруунун бул түрүнүн турмушка киргизилиши, жанбактылык мүнөзү бар жарандардын санынын азайышына жана өздөрүнүн мүлктүк кызыкчылыктарын камсыздандыруунун принциптери менен коргоого өтүшүнө алып келет.

Жыйынтыгында тармактык комитеттин чечими менен 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020