29 июня 2015, 11:42

ЖК сот тутумунун 2014-жылдагы иши жөнүндө Жогорку сотунун төрагасынын ар жылдык маалыматын эске алды

Жогорку Кеӊештин бүгүн, 29-июлда өтүп жаткан жыйынында Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын ар жылдык маалыматы угулду.

Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашеванын айтымында, соттук иштердин саны жылдан-жылга арбып барат. Мисалы, 2014-жылы жергиликтүү соттордун 401 судьясы тарабынан каралган иштер 2013-жылы 4,6 пайызга өскөн. Жогорку сотто жарандардын 4481 даттануусу каралып, мекеме жетекчилиги 185 жаранды кабыл алган.

«2014-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү программасы кабыл алынып, ал ырааттуу ишке ашырыла баштады. Ошону менен бирге, сот тутумунун бюджети мурдагыга салыштырмалуу кыйла көбөйүп, материалдык-техникалык базасы жакшыра баштаганын белгилей кетишибиз керек», - дейт Ф.Жамашова. анын айтымында, 2014-жылы сот тутумунун бюджети 728 387 миӊ сомго бекитилип, ал 888 273 миӊ сомго аткарылган же 2013-жылга караганда 603 397 миӊ сомго чейин көбөйгөн.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын сот тутумунун 2014-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын ар жылдык маалыматы эске алынды.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020