29 июня 2015, 16:55

“КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана  өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 20-майында кабыл алынган.

Мыйзам колдонуудагы Мыйзамдын  Кыргыз Республикасында шайлоожана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана төрагасынын орун басарын  шайлоого жана кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга, ошондой эле территориалдык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларын жана катчыларын мөөнөтүнөн мурда чакырып алууга байланыштуу бөлүгүндө айрым кемчиликтерди жоюуга багытталган.

Аталган Мыйзамдын жоболоруна ылайык:

- Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын жана   төрагасынын орун басарын шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда бошотуу Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарына кирет, тиешелүү чечим  отурумда  Борбордук шайлоо комиссиясынын белгиленген сандагы мүчөлөрүнүн  кеминде үчтөн эки бөлүгүнүн добушу менен кабыл алынат;

-территориалдык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагаларын жана катчыларын мөөнөтүнөн мурда чакырып алуу жол-жоболору Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасын чакырып алуу жол-жоболорунун негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020