29 июня 2015, 17:30

ЖКда Өкмөттүн «Кумтөр» долбоорунун азыркы абалы боюнча маалыматы угулууда

Жогорку Кеӊеште “Кумтөр” долбоорунун ишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы № 4841-V токтомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып жатат. Жыйынга премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Премьер-министр Темир Сариев 1994-жылы “Кумтөр” долбоору боюнча келишим түзүлгөндө эле андагы мөӊгүлөрдүн абалына карабастан кенди ишитетүү чечими кабыл алынып калганын, азыр мөӊгүлөр башка жакка көчүрүлүп жатканын белгиледи. “Июнь айында «Centerra Gold Inc.» компаниясынын Директорлор кеӊешинин жаӊы курамы шайланды. Курамда анчалык деле өзгөрүү болгон жок. Кендин экологияга келтирген зыянын азайтуу, кендеги иштерди токтотпоо жолдору иликтенүүдө”, - дейт ал.

Премьер-министр эгер парламент чечим кабал алса, курамы адистерден турган атайын жумушчу комиссия түзүп, жеринде иликтөө иштерин жүргүзө баштай турганын айтты. Андан сырткары, “Жер-Үй” алтын кенин иштетүү лицензиясын аукциондон утуп алган комипаниядан 100 млн доллар каражат толугу менен келип түшкөнүн, азыр ал каражатты жумшоо жаатында алыгылыктуу багыттар аныкталууда. “Каражат негизинен социалдык багытта жумшалмакчы”, - деп кошумчалады Т.Сариев.

Эске салсак, «Centerra Gold Inc.» компаниясына караштуу «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасы иштетип жаткан «Кумтөр» алтын кени Кыргызстандын экспортунун көлөмү жана мамлекеттик бюджети үчүн өтө маанилүү. Ал өлкөнүн жылдык ички дүӊ өнүмүнүн 9 пайызын түзүп, жалпы салыктын 9 пайызын берет. Бул өтө ири көрсөткүч. Андан сырткары, «Кумтөрдүн» жергиликтүү деӊгээлдеги маселелерди чечүү багытында жумшала турган социалдык пакети да бар.

2015-жылдын 26-февралында Жогорку Кеӊеш Өкмөткө «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарып, «Кумтөр» кенин иштете турган биргелешкен ишкана түзүү же аны улутташтыруу сунушу менен келүү үчүн кошумча убакыт берилген эле. Бирок, 9-апрель күнү ошол кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев «Centerra Gold Inc.» компаниясы менен бирдиктүү пикирге келе албаганын, ошондон улам өзү отставкага кетерин билдирген.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020