30 июня 2015, 09:11

Жогорку Кеӊеш “Кумтөр” долбооруна байланыштуу токтом кабыл алды

Жогорку Кеӊеште “Кумтөр” долбоорунун ишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы № 4841-V токтомунун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. Жыйынга премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү Өкмөт башчы Т.Сариев “Кумтөр” боюнча мамлекетти комиссия түзүлгөндөн тартып, иштеп келатканын айтып, бул маселеге качан чекит коюлат деген маселени коюшту. КР Премьер-министри Т.Сариевдин айтымында, азыр же биздин шарттар менен акциялардын үлүшү 50X50 пайыздык катыштагы биргелешкен ишкана түзүү долбооруна барышыбыз керек же азыркыдай 33X67 пайыздык катышта калышыбыз керек, бул маселелер иликтенип жатат.

Мындан сырткары, кенди ушундай абалга алып келгендер боюнча кимдерге иш козголуп, козголгон иштер кайсы стадияда тургандыгын, экологиялык чыгымдар боюнча соттук териштирүүлөр кайсы деңгээлге жеткендиги коомчулук билиши керектиги белгиленди. “Кумтөр” кенин иштетүүдөн түшкөн каражаттын 1% которулуп келе жаткан “Ысык-Көл” фондунун ишине көзөмөл жүргүзүлүшү зарылдыгы айтылды.

Ошону менен катар бул маселе боюнча сунушталып жаткан Жогорку Кеңештин токтом долбооруна компаниянын директорлор кеңешине ачык конкурс жарыялоону сунушу менен чыкты. Айрым депутаттардын пикиринде, токтомдун аткарылышынын мөөнөтүн жылдыруу керек.

Жыйынтыгында депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Жогорку Кеңештин токтом долбоору кабыл алынды. Ага ылайык, КР Өкмөтүнө бир катар тапшырмалар берилди.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020