30 июня 2015, 10:52

Бир катар улуттук мыйзамдардын айрым жоболору ЕАЭБ курамындагы өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирилет

Жогорку Кеӊеште Кыргызстандын ЕАЭБ курамына кошулуу алкагында иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экономика министрлигинин берген маалыматына караганда, бир катар улуттук мыйзам жоболору Евразия экономикалык биримдигинин курамына кирген өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирилүүдө. Ал үчүн “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө”, “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөр киргизилип жатат.

Мыйзамдарга жаӊы жолболор камтылган жок, тек гана техникалык оӊдоолор киргизилүүдө. Мисалы, биздин бул мыйзамдардагы «табигый монополия» деген түшүнүк ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мыйзамдарындагы «уруксаат берилген монополия» деген сөзгө алмаштырылууда».

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020