30 июня 2015, 12:34

Өлкөнүн башкы токсиколог-дарыгери Нурлан Ибраимов каза тапты

Кечээ, 29-июнда, узакка созулган боор оорусунан улам Бишкекеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнүн башчысы Нурлан Ибраимов өзүнүн үйүндө каза тапты.

Белгиленгендей, Ибраимов акыркы үч жылдан ооруп жүргөн. Ал, эмгек ишмердүүлүгү учурунда С вирустук гепатитин жуктуруп алганын билдирген, кийин бул дарт улам күчөй берген.

Ибраимов тез арада боорун алмаштырууга муктаж болуп, боор алмаштыруу болжол менен 80-100 миң доллар турган. Ушул жылдын башында дарыгердин достору жана кесиптештери боор органын алмаштырууга каражат топтоо жана чет өлкөдөгү клиникаларда дарылануусу боюнча кайрымдуулук акциясын өткөрүшкөн болчу. Ибраимов бир аз убакыт Индиянын бейтапканасында дарыланып жүргөн, жакында эле ал ошол жактан өлкөгө кайтып келген эле.

Токсиколог Нурлан Ибраимов 48 жашында дүйнө салды, анын артында жубайы жана үч баласы калды.

Белгилесек, Ибраимов 1999-жылдан бери Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүн жетектеп келген. Аталган борбордун токсикология бөлүмүнүн башчысы катары ал өзүн бийик адеп-ахлактуу, компетенттүү жана чебер дарыгер катары көрсөтө алды жана дарыгер катарында Ибраимов көптөгөн бейтаптардын өмүрүн сактап калууга күч жумшаган.

"ВБ" редакциясы Нурлан Ибраимовдун жакындары жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020