30 июня 2015, 14:08

Д.Эсеналиев: Кыргызстанда “Илбирстин секиригин” жасоого баардык шарттары, айрыкча билимдүү жаштары бар

Д.Эсеналиев: Кыргызстанда “Илбирстин секиригин” жасоого баардык шарттары, айрыкча билимдүү жаштары бар

27-июнда, ишемби күнү Каракол шаарында Борбордук шайлоо комиссиясы жана Эл аралык республикалык институту уюштурган саясий партиялардын жарманкеси болуп, ага 8 эле партия катышышты. Көргөзмөдө “Бир Бол” партиясынын областтагы координаторлору жана активисттери партиянын ишмердүүлүгү менен тааныштырышты.

Жыйындар залында эл менен жолугушууда партиянын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев өткөрүлүп жаткан жарманкенин уюштуруучуларына  ыраазычылык билдирип, бул жарманкенин өтүшүнүн өзү жаңы саясий маданияттын калыптанышынын алгачкы белгилери экендигин белгиледи.

Андан кийин партия 2 жыл мурун сунуштаган идеологиялык программанын негизги багыттарын айтып берди. Идеологиялык программада мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик идеясы негиз кылып алынганын баса белгиледи. Мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө  мекенчилдиктин үлгүсүн биринчи орунда жаштар көрсөтүшү экендигин айтып, ушул идеянын айланасында Кыргызстан башка өлкөлөр сыяктуу бир максатта өнүгүүсүнө боло тургандыгы мүмкүн экендигин айтты. “Ал максатка жетүүдө кыргыз улутунун жоопкерчилиги болуш керек, мамлекеттүлүктү бекемдөөдө башка улуттарга үлгү болушу негизги шарт. Кыргыз улутунун Кыргыз Республикасы деп аталган бир эле мамлекети бар”, - деп баса белгиледи.

Партиянын аткаруу комитетинин төрагасы ошондой эле партия “Илбирстин секириги” аталышта системдүү реформаларды ишке ашырууга багытталган программаны келерки шайлоодо сунуштаарын белгиледи. “Убагында жалпы улут бир болуп, Корея, Япония “Жолборстун секириги” деген экономикалык укмуш көрсөтө алышты, Сингапур, Малайзия, Тайвань сыяктуу өлкөлөр “Ажыдаар секириги” деп аталган өнүүгүнүн өзгөчө модели менен дүйнөгө таанылышты. Кыргызстанда да ушундай секирик жасоого баардык шарттар, айрыкча билимдүү жаштар бар. Бир болсок, өсөбүз. Бир болсок, биз да “Илбирстин секиригин” ишке ашырабыз”, - деп баса белгиледи.

Д.Эсеналиев партиянын эмблемасындагы илбирс жаныбарынын символикалык белгисине токтолуп, Кыргызстан тоолуу өлкө, бай өлкө, жаратылышы укмуш кооз өлкө деди. Ушул улуу тоолордо байырлаган илбирстин образы Кыргызстандын өзгөчөлөнгөн белгиси, символу. Биз ушул ажайып жаратылышыбызды сактап, келечек муунга өткөрүп берүүбүз керек деди.

Эсеналиев ыйык Орозо айынын күндөрү менен куттуктап, кармаган орозо кабыл болушун, элибизге аманчылык, тынччылык жана молчулук каалап кетти.

Буга чейин өткөн партиялардын Оштогу жарманкесине 11, Баткенде 9, Таласта 6, Нарында 9 партия катышса, Караколдо 8 гана партия катышты.

Д.Эсеналиев: Кыргызстанда “Илбирстин секиригин” жасоого баардык шарттары, айрыкча билимдүү жаштары бар

Д.Эсеналиев: Кыргызстанда “Илбирстин секиригин” жасоого баардык шарттары, айрыкча билимдүү жаштары бар

Д.Эсеналиев: Кыргызстанда “Илбирстин секиригин” жасоого баардык шарттары, айрыкча билимдүү жаштары бар

Д.Эсеналиев: Кыргызстанда “Илбирстин секиригин” жасоого баардык шарттары, айрыкча билимдүү жаштары бар

Д.Эсеналиев: Кыргызстанда “Илбирстин секиригин” жасоого баардык шарттары, айрыкча билимдүү жаштары бар

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020