30 июня 2015, 17:45

Т.Сариев Ага Хан Өнүктүрүү түйүнүнүн Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакхини кабыл алды

Бүгүн, 30-июнда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ага Хан Өнүктүрүү түйүнүнүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакхини кабыл алды. Бул тууралуу, Өкмөттүн басма-сөз кызматы билдирет. 

Жолугушууда тараптар Ага Хан Өнүктүрүү түйүнү менен Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы кызматташтыгын келечегин талкуулады.

Темир Сариев Кыргыз Өкмөтү Ага Хан Өнүктүрүү түйүнүнүн Кыргызстандагы аткарган ишмердүүлүгүн жогору бааларын жана мындан ары да көп тараптуу кызматташтыктын бекемделишине маани берерин билдирди.

Шамш Кассим-Лакхи мырза Ага Хан Өнүктүрүү түйүнү жана анын негиздөөчүсү ханзаада Ага Хану IVнүн атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазылык билдирди. Анын айтымында, түйүн ишке ашырып жаткан Нарын шаарындагы Борбор Азия Университетинин курулушу аяктоо алдында, 2016-жылдан тарта студенттерди кабыл ала баштарын маалымдады. Муну менен катар Ага Хан Өнүктүрүү түйүнү билим берүү багытында бир катар долбоорлорду ишке ашыруу планы бар экенин кошумчалады.

Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул долбоорлорду колдоого жана ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020