1 июля 2015, 15:01

А.Жээнбеков: ЖКнын эң негизги жетишкендиги – Кыргызстандагы кырдаалды турукташтырууга кошкон салымы

КРнын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 1-июлда маалымат-жыйын өткөрүп, журналисттерге Жогорку Кеңештин беш жыл аралыгында жасаган ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Төрага А.Жээнбеков өз сөзүндө 2010-жылы өлкөдө курч саясий кырдаалдын шартында шайланып келген Жогорку Кеңештин, анын депутаттарынын эң негизги жетишкендиги – Кыргызстандагы кырдаалды турукташтырууга, тынчтыкты бекемдөөгө кошкон салымы экенин дагы бир жолу баса белгиледи. Өз сөзүндө, А.Жээнбеков ЖКнын кезектеги сессиясы кечээ расмий жабылдыгын айтып. Күн тартибибизде дагы бир катар мыйзам долбоорлор, маселелер бар, ишибизди сентябрда улантабыз. Ошентсе дагы, 5 жылдык ишибиздин алгачкы жыйынтыктарын чыгаруунун мезгили жетти деп эсептейм,-деп билдирди. 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020