2 июля 2015, 09:17

А.Жээнбеков: “V чакырылыштагы парламент тарыхый вазыйпасын аткарды”

Кечээ, 1-июлда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин беш жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат-жыйын өткөрдү.

Жогорку Кеңештин Төрагасы А.Жээнбеков V чакырылыштагы парламенттин беш жылдык ишмердүүлүгү тууралуу учкай маалымат берип, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

“V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарыхый вазийпасын аткарды” деген А.Жээнбеков 2005-жылдан бери мөөнөтүнүн аягына чейин иштеген парламент – ушул чакырылыштагы мыйзам чыгаруу органы болгонун эске салды. Жогорку Кеңештин бир да жыйыны үзгүлтүккө учурабаганын, парламент кызматташкан тараптар менен иштөөдө консенсуска келген ыкманы таба алгандыгын, Президент жана Өкмөт менен натыйжалуу кызматташуунун формасы түзүлгөндүгүн тизмектеди.

Ал электр кубатын колдонуу боюнча же деги эле тарифтерди белгилөө ыйгарым укугун Өкмөткө өткөрүп берүүнү Конституция менен шайкеш келтирилгендигин түшүндүрүп, бул маселелердин баары Жогорку Кеңештин көзөмөлүндө болуп турарын баса белгиледи.

Парламентке карата көп сын-пикирлер айтылып келе жаткандыгы - бул дүйнө жүзүндөгү парламенеттерге карата мыйзамдуу көрүнүш экенин, себеби, парламенттин табыяты ачык-айкын болгондугу менен байланыштырды. А.Жээнбеков мыйзам чыгаруу органына болгон сын-пикирлердин негизинде парламент кемчиликтерди көрө билип иш алып баруусуна көмөкчү болоорун билдирди. “Парламенттик демократия жолу эң кыйын, узак жол. Бирок тынчтыкта өнүгүүгө бет алган жол. Жакынкы чыгыш региондорундагы авторитардык режим менен башкаруудагы өлкөлөрдүн экономикасы жакшы өнүккөнү менен жыйынтыгы кандай катострофага алып келе жаткандыгы баарыбызга маалым. Андыктан, туруктуу жана тынчтыкта өнүгүү үчүн парламентаризм керек”,- дейт ал.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020