2 июля 2015, 15:43

Төрага Евробирликтин атайын өкүлү П.Бурианды кабыл алды

Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 2-июлда Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Бурианды кабыл алды. Бул тууралуу, Өкмөттүн басма-сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууга Евробирликтин Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Чезаре де Монтис катышты.
Төрага А.Жээнбеков Кыргызстандын Евробирлик менен кызматташуу жаатындагы ийгиликтерин канааттануу менен айтып, колдоо көрсөтүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ЕБ программаларынын артыкчылык жактарын, ЕБ тараптын Кыргызстанда реформаларды жүргүзүү жана демократияны өнүктүрүү жаатындагы жардамдарынын маанисин белгиледи. 
Ошону менен катар «Өнүгүү максатындагы кызматташтык аспабы» долбоорун, анын алкагында аткарылган программалар үчүн 2007-2013-жылдар аралыгында 106 млн евро өлчөмүндө каражат бөлүнгөнүн анын бир мисалы катары келтирди. 
А.Жээнбеков 2014-2020-жылдарга узак мөөнөттүү индикативдүү программага ылайык, Евробирликтин Кыргызстанга берген жардамы андан мурдагы мезгилге салыштырмалуу 74 пайызга өсүп, жалпысынан 184 млн еврону түзө турганын айтты. «Кыргыз тарап Кыргызстан менен Евробирликтин ортосундагы кызматташтык мамилелердин ырааттуу өнүгүп жатканына жогору баа берет», - деп, Төрага КР Президенти А.Атамбаевдин Германияга жасаган иш сапары ийгиликтүү болгонун, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Евробирликтин ортосундагы «Тармакты реформалоо контракты – Кыргыз Республикасына социалдык коргоо» келишимге кол коюлганын, ага ылайык 30 млн евро өлчөмүндө каражат бөлүнгөнүн белгиледи. Жолугушууда 2020-жылга чейин Кыргызстандын билим берүү тармагына 72 млн евро берүү, ошондой эле 30 млн евро өлчөмүндө чакан каржы
жардамы боюнча Евробирликтин долбоорлорун ишке ашыруу зарылдыгы айтылды.
П.Буриан ЕБдин Кыргызстан менен өнөктөштүк мамилелерди өркүндөтүүгө даяр экенин билдирди. “Кызматташууну өнүктүрүүдө эки тараптуу кызыкчылык бар. Парламенттик демократияны курууда Кыргызстандагы реалдуу жетишкендиктер, бийликтин укуктук талаада алмашылып жатыш көрүнүп эле турат”,- деп кошумчалады ал.
БА боюнча ЕБдин атайын өкүлү ЕБдин Борбор Азиядагы, ошондой эле Кыргызстандагы  ар түрдүү программаларды каржылоону улантуу ниетинде экенин маалымдады. П.Буриан бул өңүттө КР Өкмөтү менен биргеликте иштелип чыккан Кыргызстандагы экономикалык реформаларды колдоо боюнча программалар тууралуу айтты. 
Тараптар 2015-жылдын күз мезгилинде өтө турган өлкөнүн парламенттик шайлоосу тууралуу дагы талкуу жүргүзүштү. Төрага А.Жээнбеков маектешине парламентке нукура демократиялык шайлоолорду жаңы технологияларды колдонуу менен өткөрүү үчүн жасалып жаткан жана пландаштырлган иш-чаралар тууралуу билдирди. “Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилигинин астында өлкөдөгү бийликти жана демократиялык кайра курумдарды тынчтык жолу менен өткөрүп берүүгө негиз боло турган ачык-айкын шайлоону камсыздоо боюнча маанилүү милдет турат”, - дейт А.Жээнбеков. Бул жаатта П.Буриан ЕБдин кыргыз тарапка зарыл болгон колдоолорду көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. 
Борбор Азия боюнча ЕБдин атайын өкүлү П.Буриан билим берүү жана өлкөнүн алыскы аймактарындагы элдин жашоо- турмушун жогорулатуу секторлорундагы программаларды каржылоону кеңейтүү тилектери бар экенин белгиледи. 
Жолугушууда ошондой эле Европа Бирлигинин Борбор Азиядагы чек араларды башкарууга жана CASA-1000 аймактык долбооруна көмөктөшүү боюнча программаларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020