3 июля 2015, 10:10

Жаңы Акыйкатчыны шайлоо бир айлык мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш

Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, Рнын Акыйкатчысынын  ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна байланыштуу,  Кыргыз Республикасынын жаңы  Акыйкатчысын шайлоо зарылдыгы келип чыкты. 

“КРнын Акыйкатчысы жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 4-статьясынын 11-бөлүгүнө ылайык ыйгарым укуктар мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда жаңы Акыйкатчыны шайлоо бир айлык мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш.

“КРнын Акыйкатчысы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясынын 3-бөлүгүнө жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 4-бөлүгүнүн  3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кызматына талапкерлерди сунуштоо укугуна парламенттик фракциялар ээ болот. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) кызматына дайындоо үчүн парламенттик фракциялар ар бир фракциядан үчтөн ашык эмес талапкерлерди сунуштайт. “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясынын 1 жана 2-бөлүктөрүнө ылайык мамлекеттик жана расмий тилдерди билген, 30дан жаш эмес жана 65 жаштан ашпаган Кыргыз Республикасынын жараны Омбудсмен (Акыйкатчы) болуп шайлана алат. Жасаган кылмышы үчүн соттолгон адам, эгерде бул соттуулугу жоюлбаса жана мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаса, Омбудсмен (Акыйкатчы) болуп шайлана албайт.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызматына талапкерлерди көрсөтүү субъекттери фракциялар болуп саналгандыктан баардык кызыккан маселелер боюнча парламенттик фракцияга (фракцияларга) кайрылууга болот.

“Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жогоруда көрсөтүлгөн талаптарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызматына талапкерлерди парламенттик фракциялардын көрсөтүшүнө баардык кызыккан тараптарды активдүү катышууга чакырабыз,-деп айтылат маалыматта.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020