3 июля 2015, 10:28

К.Өмүралиев Белоруссиянын ТИМине ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

Кыргызстандын Белоруссияга жаңы дайындалган элчиси Кубанычбек Өмүралиев ишеним грамотасынын көчүрмөсүн өлкөнүн Тышкы иштер министри Владимир Макейге тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Белоруссиядагы элчилиги билдирди.

Жаңы дайындалган элчи бир канча күн мурун Минск шаарына келген.

Жолугушуу учурунда кыргыз-белорус алакасынын өнүгүүсүнө тараптар кызыктар экени айтылып, аны жандандыруу керектиги баса белгиленди. Белоруссия парламентинин Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсү боюнча келишимди ратификациялоону жактыруусу соода-экономикалык, билим берүү жана башка тармактарда кызматташууну арттырууга болгон аракеттерди далилдеп турат.

Жаңы дайындалган элчи Минск шаарына келди. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин агасынын Минсктин борборунан түшкөн сүрөтү интернетке чыгып кеткенден кийин расмий Бишкек 2012-жылы өз элчисин чакыртып алган. 

Аталган мамлекетте Кыргызстандын атынан акыркы элчи болуп Эрик Асаналиев иштеген.

 

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020