3 июля 2015, 12:21

Т.Ажыкулов: “Кыргызстан ЕАЭБге толук кирсе чек арасы ачылып, товарлар менен эмгек рыногунун эркин жүгүртүлүүсүнө жол ачылат"

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) толук мүчөлүккө өткөн соң өлкөбүздүн экономикасы жанданат деген үмүт бар. Анткени республикабыздын аталган уюмга мүчө-мамлекеттер менен болгон чек арасы ачылып, товарлар менен эмгек рыногунун эркин жүгүртүлүүсүнө жол ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов билдирди.

“Кыргызстандын Россия, Казакстан, Беларус жана Армения мүчө болуп саналган Евразия экономикалык биримдигине толук өтүүсү менен республикабыздын экономикасында чоң секирик жасалышы күтүлүүдө. Себеби эң оболу биздин дыйкандарыбыз менен фермерлерибиз өндүргөн айыл чарба азыктары менен мал эти жана башка товарлар 180 миллион калк жашаган рынокко тоскоолдуксуз өтө баштайт. Ошол эле учурда өлкө аймагына экспорттолгон товарлардын баасы арзандайт. Мындай жагдай өз кезегинде баалардын жогорулоосуна жол бербейт. Эң негизгиси Россия жана Казакстанда иштеп жүргөн бир миллиондон ашык кыргызстандык эмгек мигранттарынын түйшүгү бир топ жеңилдейт. Алар мурдагыдай катталуу, иштөө үчүн уруксат жана патент алуу, орус тили менен тарыхынан экзамен тапшыруу сыяктуу көйгөйлөрдөн кутулушат. Демек, жергиликтүү иш берүүчүлөр да оңой жумушка алып калышат. Бул жеңилдиктер алардын кирешесин көбөйтүп, үй-бүлөсүнө көбүрөөк акча жибере башташат.  Ал эми акчанын арбын келиши экономиканын жанданышына шарт түзөт”,-деди ал.

Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020